• 88.68
  • 95
  • 0.95

Уран десе эле ызы-чуу түшүп калыштын кереги жок – Эсенжан Мусурманкулов

Коом 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Радиациялык жана ядролук тармактар ​​боюнча серепчи Эсенжан Мусурманкулов социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, "Кызыл-Омполдо" уран казылып атат деп айтуудан алыс болууга чакырды.

Ал уран десе эле ызы-чуу түшүп калыштын кереги жок экенин белгиледи.

"Уран кайсыл чекке жеткенде коркунучтуу болот экенин билишибиз керек. Андан кийин анан уран жөнүндө сүйлөсө жарашат", - деди эксперт.

Анын айтымында, "Кызыл-Омпол" кенинде бир гана уран эмес, көптөгөн баалуу металлдардын түрлөрү бар. Алар:

- титаномагнетит - 95 %;
- фосфор - 3 %;
- цирконий - 2 %;
- торий- 0,22 %;
- уран - 0,17 % ды түзөт.

Демек, серепчинин пикиринде уран эмес, титаномагнетит кен жайы деп атоо керек.

"Эми уран боюнча толук түшүндүрмө берейин. Кандай гана уран казган жер болбосун жеринде анчалык зыяны жок. Анткени, ал жерде руда гана болот. Руданы заводго алып барып, байыткандан кийин анан коркунучтуу десек болот. Биздин өлкөбүздө уранды байыткан процесс жок. Андай заводубуз да жок. Кара-Балтадан дагы байытуу процесси болбойт. Болгону жогоруда аталган беш элементти өз-өзүнчө бөлүп алабыз. Анан өз-өзүнчө бааларына жараша чет өлкөлөргө сырьё катары сатабыз", - деген ал "Кызыл-Омполдо" уран казылып атат деген сөздөн алыс болууга чакырды.

Эксперт уран руданын курамындагы башка копмоненттердин арасында болгону 0,17 пайызды түзөрүн кошумчалады.

"Казакстан бир жылда казган урандын көлөмүнө жетпейт. Ошондуктан имиш-миш угуп алып эле кыйкырып көчөгө чыга бериштин кереги жок. Уранды байытуу Россия, Кытай, АКШ, Франция сыяктуу чоң-чоң өлкөлөрдө гана болот”, - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий