• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштогу УКТ мүчөлөрүнө кол салуу. ИИМ кармалгандар тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Оштогу уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн өз ара тартышы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, кармалгандардын бары мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган:
- Раимберди уулу Акылбек 1995-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну;
- Коргонбай уулу Элеман 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, алдамчылык жана бейбаштык үчүн кылмыш жообуна тартылган;
- Шакир уулу Курсантбек 1990-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, адам өлтүрүү, опузалап талап кылуу, денеге оор залал келтирүү жана тоноо кылмышы үчүн жоопко тартылган;
- Чубаков Нурбек Камчыбекович 1991-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Шамал-Терек айылынын жашоочусу, мурда тоноо фактысы менен соттолгон;
- Абдибали уулу Актилек 1992-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочусу, мурда каракчылык, мыйзамсыз курал сактоо жана уурдоого айыпталган. Милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Тергөө кызматына жеткирилишти.

Мындан тышкары, учурда 1999-жылы туулган Асан уулу Ербол изделип жатат. Ал Кара-Суу районунун тургуну мурда соттолгон, УКТ мүчөсү катары ИМдин каттоосунда турат.

Бул иш боюнча алгач Женго каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досонов кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Министрдин орун басары жабыркаган жана каза болгондор дагы УКТ мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн. 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар үч жаранга издөө жарыяланган. Ошондой эле кечээ, 14-январда аталган кылмышка шектелип дагы эки жаранга издөө жарыяланган. Ал эми 13-январда издөө салынган 2 жаран 14-январда Чүй облусунун аймагынан кармалган. Ошол эле күнү дагы бир шектүү Ош облусунун аймагынан кармалган.

Пикир

Оставить комментарий