• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Майлуу-Сууда үч отказандын бирөөсү жылуулук бере баштады — Энергетика министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 16.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында үч отказандын бирөөсү жылуулук бере баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов билдирди.

“Бүгүн, 16-январда Майлуу-Сууда №1 отказан жылуулук бере баштады. №3, 4 отказанга азырынча суу келе элек, ӨКМдин кызматкерлери ал жерде иштөөдө. Батирлерде 20 градус жылуу болууда”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 12-январында ызгаардуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуучу сууканалынын түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. №1, 3, 4 отказанда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган.

Мындан улам Майлуу-Суу шаарына 13-январда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ошондой эле Майлуу-Сууда бардык билим берүү мекемелери онлайн окутууга өттү.

Пикир

Оставить комментарий