• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата 30 боз үй тигилет

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 31-августта Жалал-Абад шаарында 30 боз үй тигилет. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара "Эркиндик" аянтында саат 10:00дө башталып, жарманке, шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин парады менен коштолот. Ошондой эле мекеме-ишканалар тарабынан 30 боз үй тигилип, "мыкты" деп табылган боз үйлөргө сыйлык берилет.

Ал эми кечки саат 19:00дөн 22:00гө чейин "Курманбек" стадионунда белгилүү артисттердин коштоосунда чоң программадагы концерттик программа тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий