• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эмдөөдөн кийин эмнелер сунушталбайт? Жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Республикалык штаб коронавируска каршы эмдөө кандай жүрөрүн жана вакцина алгандан кийин эмнелер сунушталбай турганы тууралуу маалымат берди.

Эмдөө кандай жүрөт?

Эмдөө эки этапта жүрөт. Вакцинаны каалаган эмдөө борборлорунан бекер алса болот. Сөзсүз түрдө жаныңызда паспорт болушу керек. Алгач эмдөө жайларында дарыгерлер абалды текшерет, дене табын жана сатурацияны өлчөшөт. Ошондой эле кайрылган адамдын макулдугу менен маалымат баракчасы толтурулат. Вакцина булчуң эти аркылуу ийинге жасалат. Андан кийин эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу карта, ошондой эле экинчи этапка келе турган күнү белгиленген жана терс таасирлери жөнүндө эскертүү барагы берилет. Вакцинанын экинчи дозасы үч жумадан кийин жасалат.

Эмдөөдөн кийин эмнелер сунушталбайт?

Эмдөөдөн кийин үч күн бою ийне сайган жерди сууга тийгизбөө зарыл, саунага, мончого барбоо, спирт ичимдиктерин ичпөө керек жана ашыкча физикалык активдүүлүк сунушталбайт.

Пикир

Оставить комментарий