• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаровдун Кытайга иш сапары кандай болду?

Аналитика 0

Өткөн жумада Кыргызстандын президенти иш сапары менен Кытай Эл Республикасына барып келди. Кытайга иш сапарынын алкагында Жапаров кышкы олимпиада оюндарынын ачылышына катышуу менен бирге КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчылары бир катар маселелерге токтолушту. Мындан тышкары, Жапаров Си Цзиньпинди иш сапары менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Серепчилер тарабынан болжолдонгондой, иш сапардын жүрүшүндө козголгон маселелердин бири “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу болду. Муну менен катар түрдүү инфраструктуралык долбоорлор сөз болуп, тараптар кызматташтыктын келечегин, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Президент Жапаровдун КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу 6-февралда өттү. Мамлекет башчылары саясий жана соода-экономикалык чөйрөдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле ири бирдиктүү долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты.

“КЭР төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровдун кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки 30 жыл аралыгында өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткендигин белгиледи.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстанда ири саясий жана экономикалык реформалар болуп, коррупцияга каршы катуу күрөш жүрүп жатканын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, Кытай Кыргызстан үчүн ишенимдүү дос жана коңшу болуп келген жана болуп кала берет, эки элдин жыргалчылыгы үчүн байланыштар мындан ары да чыңдаларына ишенимин билдирди”, - деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын маалыматында.

Ошондой эле белгилей кетүүчү жагдай, КЭР төрагасы Кыргызстандан экологиялык жактан таза продукцияны импорттоого жана энергетика тармагында кызматташууга даяр экенин белгиледи. Кыргызстан бул үчүн эң эле актуалдуу. Көп жылдардан бери Кыргызстандан Кытайга продукцияны экспорттоо мүмкүндүгү тууралуу сөз болуп келатат, анткени коңшу рынок өтө перспективдүү жана Кыргызстандын экономикасы буга кызыкдар, өзгөчө пандемиядан кийинки мезгилде.

Муну менен катар, Си Цзиньпин коронавируска каршы чараларды кабыл алууну эске алуу менен аба каттамдарын этап-этабы менен калыбына келтирүү жана жүк ташууну көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Тактап айтканда, сөз “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү тууралуу болуп жатат.

“Ал ошондой эле “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруунун жана үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн, бул бүткүл Борбордук Азия үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи”, - деп айтылат маалыматта.

Кытай пандемия менен күрөшүүдө Кыргызстанга биринчилерден болуп кол сунган өлкө экенин унутпаш керек. Пандемия учурунда Кытай жеке коргонуу шаймандары, медициналык жабдуулар жана албетте, вакциналар түрүндө жардам көрсөттү. Ошентип, Садыр Жапаровдун иш сапарынун жүрүшүндө Си Цзиньпин кытай тарап Кыргызстанга коронавируска каршы кошумча 5 миллион доза вакцина жана 50 миллион юань өлчөмүндө коопсуздук тармагында кайтарымсыз жардам берүү чечиминн кабыл алганын, түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

“Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы жана өлкөлөр ортосундагы Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык макулдашуусуна кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы белгиленип жаткан жылы өтүп жаткан бул жолугушуунун символикалуулугун белгиледи. Буга байланыштуу Садыр Жапаров бул сүйлөшүүлөр кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсүнө жаңы дем берип, жетишилген макулдашуулар жакынкы жылдарда мындан аркы өз ара аракеттенүүгө негиз түзөөрүнө ишенимин билдирди”, - деп белгиледи Жапаровдун басма сөз кызматынан.

Биргелешкен долбоорлор боюнча Жапаров өлкөнүн Кытай – Кыргызстан Өзбекстан темир жолунун курулушуна кызыкдар экенин белгилеп, ошондой эле кыргыз-кытай чек арасы аркылуу товарларды тоскоолдуксуз импорттоо жана экспорттоо үчүн «жашыл коридорлордун» натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгиледи.

Муну менен катар ал кыргыз тарап мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде кытай тарап менен биргеликте ишке ашырууга кызыкдар болгон бир катар долбоорлорго басым жасады.

Садыр Жапаров энергетика жаатында кызматташтыкты активдештирүүнү колдоду. Мындан тышкары, экономиканын тиешелүү тармактарында жаңы долбоорлорду стимулдаштыруу максатында ал жалпы капиталы 1 млрд АКШ долларын түзгөн кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады, ал чакан жана орто бизнес тармагындагы эки тараптуу долбоорлорду каржылай алмак.

Ошондой эле Жапаров Кытай тарап көрсөткөн гранттык жардамды жогору баалады. Атап айтканда, Кытай грантынын негизинде ирригациялык тармактарды реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, быйыл жазда тиешелүү иштерди баштоо пландалып жатканы, бул Борбордук Азияда суунун азайуу мезгили келип жаткан учурда өзгөчө актуалдуу экени белгиленди.

“Андан соң, президент Кыргызстандын аймагында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин токтотулган бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү үчүн өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүйлөшүүнү жыйынтыктап жатып, Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды”, - деп билдирди Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынан.

Жалпысынан иш сапар серепчилер болжолдогондой өттү. Эгерде пландалган долбоорлор ишке ашса, анда бул сапар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилеге жаңы дем берди деп айтсак болот.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий