• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү кимдер үчүн көбөйтүлдү? Тизме

Коом 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү динамикасы тууралуу айтып берди.

Ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкү адамдарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү:

- майыптыгы бар балдарга – 4миң сомдон 8 миң сомго чейин;

- ата-энесинин биринен ажыраган балдар – 1 миң сомдон 2 миң сомго чейин;

- жетим балдар – 2 миңден 6 миң сомго чейин;

- топтогу тубаса майыптар үчүн – 4 миң сомдон 8 миң сомго чейин;

- II топтогу тубаса майыптар үчүн – 3,3 миң сомдон 6,6 миң сомго чейин;

- III топтогу тубаса майыптар үчүн – 2,7 миң сомдон 5,4 миң сомго чейин;

- I топтогу майыптыгы барлар үчүн – 2 миң сомдон 2,5 миң сомго чейин;

- II топтогу майыптыгы барлар үчүн – 1,5 миң сомдон 3 миң сомго чейин;

- III топтогу майыптыгы барлар үчүн – 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин;

- пенсионерлер үчүн – 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин;

- баатыр энелер үчүн – 2 миң сомдон 2,5 миң сомго чейин.

Жалпысынан социалдык төлөмдөрдүн көлөмү 103 миң 9 жаранга көбөйтүлдү.

Ошондой эле 2022-жылдын 1-июнунан тартып төмөнкү жарандар үчүн соцтөлөм дагы көбөйтүлдү:

- I топтогу майыптыгы барлар үчүн – 2,5 миң сомдон 5,5 миң сомго чейин;

- II топтогу майыптыгы барлар үчүн – 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин;

- III топтогу майыптыгы барлар үчүн – 1,5 сомдон 2 миң сомго чейин;

- жетим балдар үчүн – 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин;

Пенсионерлер үчун – 1,5 миң сомдон 2 миң сомго чейин;

баатыр энелер үчүн – 2,5 миң сомдон үчүн 3 миң сомго чейин.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы 1-июндан тартып "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун суммасы 810 сомдон 1 миң 200 сомго, ал эми майыптыгы бар балдарды караган жеке ассистенттерге төлөнгөн сумма 4,9 миң сомдон 6,3 миң сомго көбөйтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий