• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан британиялык ишкерлерге гидроэнергетика тармагында кызматташууну сунуштады

Экономика 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов “Бритиш Экспертиз” британиялык бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү үчүн Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациясын өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага британиялык ишканалардын, университеттердин, экологиялык долбоорлордун өкүлдөрү жана консалтинг компаниялары катышты.

Элчи Жусупов Улуу Британия Кыргызстандын Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң ири соода өнөктөшү болгондуктан, аны менен инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналарын белгиледи.

Британиялык ишкерлер чөйрөсүнө өз ара кызматташуунун келечектүү багыттары, атап айтканда, гидроэнергетика, айыл чарба, өнөр жай ж.б. тармактары сунушталды.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстан менен түрдүү тармактарда кызматташууга чоң кызыгуу көрсөтүштү. Тараптар мындан ары да кызматташууну макулдашышты.

Кыргызстандын элчиси ошондой эле британиялык компанияларды Кыргызстан менен жакындан таанышуу жана потенциалдуу өнөктөштөр менен байланыш түзүү үчүн Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий