• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында соода-сатык жана кайырчылык кылган 15 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-фералда Жалал-Абад шаарынын аймагында жашы он сегизге толо элек өспүрүмдөрдүн жумушка тартылуусунун алдын алуу жана болтурбоо максатында “Эмгек” жана “Кайырчы” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейдге Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык адиси, Жалал-Абад ШИИБнин инспекторлору жана шаардык социалдык коргоо бөлүмүнүн тиешелүү адистери катышты.

Рейддин жүрүшүндө ата-энесинин, жакындарынын коштоосу жок соода-сатык жана кайырчылык кылган 15 өспүрүм аныкталды. Аларга адистер тарабынан оозеки түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган даректери тактоого алынып, ата-энелерине эскертүүлөр берилди.

Алдыда мындай иш-чара улантылат.

Пикир

Оставить комментарий