• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эркек киши аялын, кичинекей балдарын таштап качып кеткен. Үй-бүлөсү көчөдө калды

Кырсык 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Эркек киши аялын жана кичинекей балдарын таштап, качып кеткен. Үй-бүлөсү көчөдө калды. Бул тууралуу “Сезим” кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова билдирди.

Анын маалыматына караганда, бул аял анын борборуна жардам сурап кайрылган. Анын улуу баласы 4 жашта, кичүүсүнө 6 ай.

Рыскулованын билдиргенине караганда, ал өзү Россиянын жараны, бирок улуту кыргыз. Күйөөсү аны Россиядан биздин өлкөгө алып келген.

“Белгилүү болгондой аталган үй-бүлө батир ээсине калган акча бөлүгүн төлөгөн эмес. Мындан улам алардан документтерин алып коюшкан. Учурда ал аял реабилитациядан өтүп жатат”, - деди борбордун директору.

Пикир

Оставить комментарий