• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта жер көчкү кайрадан активдешип, Көк-Арт дарыясын кайрадан тосуп калды

Кырсык 0

Бишкек, 03.05.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жер көчкү кайрадан активдешип, Көк-Арт дарыясын кайрадан тосуп калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-майда болжол менен саат 20:15 чамасында жер көчкү кайрадан активдешип, сүрүлүп түшүп, кайрадан суунун нугун бөгөп калган.

Жеринде КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жана ЖК комиссиясы абалды көзөмөлдөп турууда.

“Түн кирип кеткендигине байланыштуу жер көчкүнүн көлөмүн аныктоого кыйынчылык жаралууда. Абал боюнча кошумча маалымат берилет”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек айыл аймагындагы Сары-Булак айылында жер көчкөн.

Пикир

Оставить комментарий