• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда мунай базасынан өрт чыкты, жеринде 6 бөлүм иштеп жатат

Кырсык 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасынан өрт чыкты.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт тууралуу маалымат бүгүн болжол менен саат 16:01 чамасында түшкөн.

Тилсиз жоо саат 16:34 чамасында чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү үчүн жеринде ыкчам топ жана 6 бөлүм иштеп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий