• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Суусамырда 3 жашар бала дайынсыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Суусамырда дайынсыз жоголгон 3 жашар бала Көкөмерен дарыясына түшүп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облустук милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Алардын маалыматына ылайык, Биринчи май айылында жоголгон бала тууралуу маалымат кечээ, 2-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында келип түшкөн.

Жерине барган ыкчам-тергөө топ баланын атасы менен сүйлөшкөн. Маалым болгондой, алар үй-бүлөсү менен 1-июнь күнү жайлоого эс алууга чыгышкан. 2-июнда эртең мененки тамактануу учурунда баласын таппай калышкан. Бала Көкөмерен дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги айтылууда.

Учурда издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий