• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт

Аймак 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Эртең, 12-ноябрда Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы шаардык ишембиликке мекеме-уюмдардын жана кызматтардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары, шаар тургундары катышат.

Иш-чаранын алкагында мекеме-ишканаларга тийиштүү аймактар бекитилип берилген. Ош шаардык мэриясы жарандары ишембиликке активдүү катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий