• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең “Унаа” мекемесинин бардык каттоо бөлүмдөрү кадимки режимде иштейт

Коом 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Эртең, 25-февралда “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бардык каттоо бөлүмдөрү жана секторлору кадимки режимде иштейт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме муну транспорт каражаттарын каттоого же кайра каттоого алууну каалаган жарандардын агымынын көптүгү менен байланыштырат.

“Унаа” мекемеси эртең мененки саат 8:30дан 17:30га чейин иштейт. Түшкү тыныгуу 12:00дөн 13:00гө чейин болот.

Кошумчалай кетсек, 25-26-февраль аралыгында “Унаанын” Бишкектин Б.Алыкулова көчөсү, 3/10 (“2 Прораба” соода борбору) жана Военно-Антоновканын “Риом-авто” автобазарындагы бөлүмдөрү саат 8:30дан 17:30га чейин иштейт.

“Аю Гранд” соода борборундагы бөлүмү 26-февралда саат 8:30дан 17:30га чейин иштейт, түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин.

Пикир

Оставить комментарий