• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. 2023-жылдын 20-октябрында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин катышуусунда видеоконференция режиминде Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Кеңештин отурумунун күн тартибинде 24 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Анда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертизадан өткөрүү эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди.

Кабыл алынган чечим дары-дармек каражаттарынын каттоодо ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү менен байланышкан административдик жол-жоболорду оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Анын жыйынтыгында, бул калктын дары-дармек менен кеңири камсыз болушуна шарт түзөт.

Ошондой эле комиссия Кеңешинин 2022-жылдын 19-майындагы № 85 “Товардын келип чыгышы тууралуу сертификаттардын көчүрмөлөрүн тарифтик преференцияларды берүү максатында пайдалануу жөнүндө” чечимине 2025-жылдын 31-декабрына чейин товардын келип чыгышы тууралуу сертификаттын көчүрмөсүн берүүнүн мөөнөтүн узартуу бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул чечим эркин соода келишимдеринде колдонулуучу тарифтик преференцияларды алуу максатында товарлардын келип чыгышы жөнүндө сертификаттардын электрондук же кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрүн кийинчерээк алардын түп нускаларын милдеттүү түрдө берүү шарты менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карайт.

Отурумдун жүрүшүндө 2030- жана 2045-жылдарга чейинки мезгилге ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана негизги багыттары тууралуу маселелер жана Евразия экономикалык биримдигинин иштеши боюнча отчет каралды. Бул маселелерди ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары 2023-жылдын 26-октябрында Бишкекте өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында дагы карашат.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин “ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан тармактарда биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларды ишке ашырууда финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” чечиминин долбоорун жактырышты.

Документтин долбоору Өкмөттөр аралык кеңеш тарабынан аныкталуучу тармактарда биргелешкен кызматташуу долбоорлорун ишке ашырууну колдоо максатында иштелип чыккан. Биргелешкен кызматташуу долбоорлоруна финансылык жардам банктардан, улуттук өнүктүрүү институттарынан жана эл аралык финансылык уюмдардан алынган кредиттер боюнча пайыздарды субсидиялоо түрүндө берилет.

Бул Макулдашууга кол коюу үчүн зарыл болгон процедуралар үчүн Кеңештин жыйынында бир тараптан Евразия экономикалык биримдиги менен ага мүчө мамлекеттер, экинчи жагынан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода келишиминин долбоору каралып, жактыруу жана жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнө Биримдиктин алкагында жалпы процесстерди ишке ашыруу, ошондой эле ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык тутумунун учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары жөнүндө отчет, ошондой эле ошондой эле чек аралык ишеним мейкиндигин түзүү жана өнүктүрүү боюнча маалымат берилди.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кийинки жыйыны 2023-жылдын 24-ноябрында Москва шаарында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий