• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ошто майыптыгы бар жарандардын арасында мелдештер өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.10.23. /Кабар/. Ош шаарында түштүк аймагы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спорттук мелдеш уюштурулуп, ага Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан жана Ош шаарынан 100дөн ашык адам катышты.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, алар кичи футбол, шахмат, аркан тартыш боюнча мелдешишти.

Аркан тартыш боюнча мелдеште 1 -орунга Ош шаарынын, 2 -орунга Кадамжай шаарынын, 3 -орунга Араван шаарынын командасы татыды.

Кичи футбол боюнча жалпы 8 команда катышып, 1-орунду Таш-Көмүр шаарынын, 2 -орунду Жалал-Абад шаарынын, 3 -орунду Кара-Суу шаарынын командалары ээледи.

Ал эми шахмат боюнча (1- орун) А.Топчиев, (2-орун) М.Анарбаев жана (3-орун) А.Кошоев жеңүүчү болушту.

Жеңүүчүлөр дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий