• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды дагы узартты

Дүйнө 0

Бишкек, 22.12.17 /Кабар/. Европа Биримдиги Украинага карата агрессиялык саясаты үчүн Орусияга киргизген санкцияларын дагы жарым жылга расмий түрдө узартты. 21-декабрдагы чечими менен Еврокеңеш биримдиктин лидерлеринин өткөн жумадагы чечимин бышыктады.

Евробиримдиктин чаралары негизинен Орусиянын банк жана энергетика тармактарын камтыйт. Санкциялар 2014-жылдан тартып киргизиле баштаган жана алты ай сайын узартылып келет.

Экономикалык жаза чараларына Орусиянын Крымды каратып алышы жана Донбасста жикчилдерди колдошу негиз болгон.

Пикир

Оставить комментарий