• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Борбор Азиядагы сапарын Тажикстандан баштады

Дүйнө 0

Бишкек. 30.05.19 /Кабар/. Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Туск Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарына келди. Аны жогорку даражалуу кызмат адамдарынан турган делегацияны коштоп келген.

Дональд Тускту "Дүйшөмбү" эл аралык аба майданынан Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.

Дональд Тусктун эки күндүк сапарынын алкагында Тажикстандын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлөт. Ал алгач Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушмакчы.

Андан кийин ЕБ кеңеши менен Тажикстандын делегацияларынын ар кандай темалардагы сүйлөшүүлөрү өтөт.

Дональд Туск сапар алкагында Тажик элинин маданий жана тарыхый мурас күнүндө Дүйшөмбү шаарындагы “Достук” майданын көрүп чыгат жана Исмаил Саманинин эстелигинин алдындагы Тажикстандын Улуттук биримдик жана кайра жаралуу комплексине гүлчамбар коет.

ЕБ кеңешинин төрагасынын Тажикстанга сапары Борбор Азия өлкөлөрүнө боло турган сапарларынын алкагында болуп жатат жана мындай кийин ал иш сапарын Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринде улайт.

Анын бул сапарлардагы максаты - аймак менен аталган уюмдун кызматташтыктарын кеңейтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий