• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тиллерсон Россияны ооган талиптерине курал жеткирүүгө айыптады

Дүйнө 0

БИШКЕК, 23.08.17. /Кабар/. 22-август кечинде АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Кремль Талибан кыймылынын өкүлдөрүнө курал жеткирип жатканын билдирди. Ооганстандын бир бөлүгүн көзөмөлдөп турган бул уюм БУУ тарабынан террористтик деп табылган.

"Россия талиптерге курал жеткирүүдө. Бул эл аралык нормаларды жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин нормаларын бузуу болуп эсептелет. Биз албетте буга каршыбыз жана Россияны ага көңүл бурууга үндөйбүз. Эгер кимдир бирөө Ооганстанга курал жеткирсе, аны ооган өкмөтү аркылуу ишке ашыруусу керек", - деп билдирди Тиллерсон.

Ошол эле маалда мамлекеттик катчы АКШ аймактагы согушту токтотуу үчүн Кабул менен талиптердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү колдой турганын белгиледи. Ал талиптерди жеңүүгө мүмкүн болбосо дагы, саясий элдешүүгө жол ачылат деп божомолдоодо.

Россиянын Ооганстанда активдүү иш алып барып жаткандыгы тууралуу 2017-жылдын башында белгилүү болгон. Анда Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров "Талибан" – бул Ооганстандагы эсептешүү керек болгон күч экенин айтып, иш жүзүндө ал түзүмдүн легитимдүүлүгүн тааныган.

Азырынча Россия ТИМи талиптерге курал жеткирүү боюнча Тиллерсондун айыптоолоруна жооп кайтара элек. Кремль буга чейин да «Талибан» кыймылына мындай колдоо көрсөтүп жатканын мойнуна алган эмес. Ошол эле маалда Россия ооган өкмөтүнө курал-жарак жеткирип турат.

Пикир

Оставить комментарий