• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында 40тан ашуун кыргызстандык адис иштейт

Коом 0


Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Дүйнөдө көптөгөн адамдар Лондондо жашаганды кыялданат. Каржы борбору болгон бул шаарда белгилүү компаниялар жайгашып, эң бай адамдар жашайт.

Алардын катарында дүйнөгө белгилүү Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында (ЕРӨБ) кыргызстандык адистер дагы иштейт.

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы - президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына барган учурда, ал жерде иштеген кыргыз жарандары менен дагы баарлашты.

ЕРӨБнын дүйнөдөгү башка аймактарында жалпы 40тан ашуун Кыргызстандын жараны иштесе, анын ичинен банктын Лондондогу башкы кеңсесинде 22 жаран эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий