• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Цукерберг Instagram, WhatsApp жана Facebook Messenger тиркемелерин бириктирет

Коом 0

Бишкек, 26.01.19 /Кабар/. Марк Цукерберг Facebook Messenger, Instagram жана WhatsApp тиркемелерин бирдиктүү системага кошууну пландап жатат. Бул тууралуу The New York Times газити кабарлады.

Маалыматка ылайык, ар бир тиркеме өз алдынча кызмат катары иштей берет, бирок система жалпы болгондуктан, колдонуучулар бир мессенжерди экинчисине которбой эле байланышып, кабар алмаша алат.

Башкача айтканда, WhatsApp'тын колдонуучусу Instagram тармагындагы адамга билдирүү жөнөтсө, ал билдирүүнү окуп, WhatsApp'та аккаунту жок болсо дагы жооп бере алат.

Бирдиктүү системаны түзүү боюнча иштер башталып, 2020-жылы бүтөрү күтүлүүдө.

Цукербергдин пикири боюнча, бирдиктүү системаны түзүү – фейк жаңылыктар менен күрөшүүгө жардам берет дейт.

Эске салсак, Марк Цукерберг достору менен бирге Facebook социалдык тармагын 2004-жылы негиздеген. Азыркы күндө бул тармактын колдонуучуларынын саны 2 млрд ашат.

Facebook Instagram 2012-жылы, ал эми WhatsApp мессенжерин 2014-жылы сатып алган.

Пикир

Оставить комментарий