• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Февралдын аягында Эр-Рияд шаарында кыргыз-сауд бизнес-форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжан элчилери үчүн уюштурулган “Соода жана инвестициялык форумга” катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сз кызматы билдирди.

Форумга Ислам өнүктүрүү банкынын, Сауд өнүктүрүү фондунун, Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын, Падышалыктын ири бизнес жана инвестициялык компанияларынын, ошондой эле Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө белгилүү болгон соода түйүндөрүнүн жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Форумдун жүрүшүндө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларына Падышалыктын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана “Saudi Vision 2030” улуттук стратегиясынын алкагында өлкөнүн өнүгүшү, Сауд Арабиянын экономикасын диверсификациялоо боюнча реформалардын жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди.

Элчи Марипов форумдун катышуучулары жана коноктору үчүн Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлору жана ошондой эле туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация тартуулады. Кыргызстан жөнүндө презентация Сауд Арабиянын бизнес чөйрөсүндө чоң кызыгууну жаратты.

Сауд Арабиянын аудиториясынын өзгөчө көңүлү азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинетинин жетекчилиги өлкөдөгү жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү үчүн инвестициялык климатты жакшыртуу, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жатканына бурулду.

2022-жылдын 24-27-февралында Эр-Рияд шаарында кыргыз-сауд бизнес-форуму жана жарманке - көргөзмөсү өткөрүлүшүн эске алып, Кыргыз Республикасынын элчиси Сауд Арабиянын компанияларын жана ишкерлерин бул иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

Форумдун алкагында элчи У.Марипов Ислам өнүктүрүү банкынын, Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү, Сауд Арабиянын Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын төрагасы, ошондой эле бир катар компаниялардын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Падышалыгынын ортосундагы өз ара пайдалуу бизнес жана инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий