• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Филипе Коутиньо "Бавария" клубуна ижарага өттү

Спорт 0

Бишкек, 19.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мюнхендик "Бавария" клубу өзүнүн "Твиттердеги" расмий баракчасында, "Барселона" клубунун оюнчусу Филипе Коутиньону ижара иретинде бир сезонго 8,5 миллион еврого алгандыгын билдирди.

27 жаштагы оюнчу "Бавария" командасынын 10-номерин алган. Буга чейин, өткөн сезондун жыйынтыгы менен "Бавария" клубунан кеткен Арьен Роббен акыркы 10 жыл аралыгында 10-номерде ойноп келген.

Ал эми Бразилиялык футболчу өзүн сезон ичинде жакшы көрсөтө алса, "Бавария" аны 120 миллион еврого сатып алууга даяр.

Каутиньо "Барселона" клубуна былтыр январь айында келген. Ал аралыкта бразилиялык оюнчу 76 оюн өткөрүп 21 гол жараткан. Анын келишим баасы 145 миллион еврону түзгөн.

Анын "Барселона" клубу менен болгон келишими 2023-жылга чейин түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий