• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Финпол ышка байланыштуу Бишкек ЖЭБинин жооптуу адамдарына карата тергөө ишин баштады

Коом 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. КР Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгышынын себептерин аныктоо фактысы боюнча Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунун жооптуу адамдарына карата сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Бул факт КР Жазык кодексинин 233-беренесинде (коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Пикир

Оставить комментарий