• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ: Эң биринчи шайлоо участкасы Сахалинде, акыркысы АКШда ачылат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Кыргызстандагы президенттик шайлоодо жана референдумда биринчилерден болуп Россиянын Сахалин шаарындагы шайлоо участкасынан кыргызстандыктар добуш бере алышат. Бул тууралуу Президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкалары Бишкек убактысы менен таңкы саат үчтө ачылат. Биринчилерден болуп Сахалиндеги мекендештер добуш беришсе, акыркы участкасы 11-январда таңкы саат алтыда (Бишкек убактысы боюнча) Вашингтондо (АКШ) ачылат.

Мадмаров чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылганын билдирди.

"Чет жакта шайлоо тизмесине 49 миң 479 шайлоочу кирди", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум 10-январда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий