• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Фоторепортаж – Сузак районунда жалпы аймакты дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда аймакты толугу менен дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рыспаев кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, аларга бүгүн өрткө каршы унаалары менен баардык көчөлөрдө дезинфекциялоо иштерди баштоо тууралуу буйрук берилген.

Белгилей кетсек, Сузак районунда үч жарандан коронавирус инфекциясы табылгандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ал жакта 19 блокпосттор орнотулду. Дарыгерлер үйлөрдү кыдырып, баардык жарандарды текшерүүдө.

Пикир

Оставить комментарий