• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Франциядагы парламенттик шайлоодо Макрондун партиясы жеңишке жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 12-июнь /Кабар/. Францияда өткөн парламенттик шайлоодо президент Эммануэль Макрондун "Алга, республика!" партиясы алдыга чыкты. Бул туурасында өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына таянуу менен "Би-би-си" орус кызматы кабарлады.

"Алга, республика!" партиясы 28,21% добуш, экинчи орунда "Республикалыктар" 15,77% добуш менен, ал эми "Улуттук фронт" 13,2% добуш алган.

Макрондун партиясынын өнөктөшү "Демократиялык кыймыл” 4,11% добуш алганга жетишкен. Ал эми, эки партия парламентте 390-430 орунду ала алаарын, "Ле Монд" жазып чыккан. Франциянын улуттук ассамблеясындагы парламенттин төмөнкү палатасында 577 орун бар.

Улуттук ассамблеяга шайлоо салтка айлангандай эки тур менен өтөт. Экинчи тур 18-июнга белгиленген. Бул күнү, бир дагы партия 50% пайыз добуш албаган аймактын тургундары добуш берет. Ал эми экинчи турга биринчи айлампада 12,5% добуш алгандар өтө алат.

Добуш берүүгө келгендердин саны 51%пайызды түзгөн. Франциянын ички иштер министри Жерар Коллон: “Өткөн шайлоого салыштырмалуу бул саам добуш бергендердин саны азыраак болгон. Бул өз кезегинде өлкөдөгү саясий кырдаалга ишеничтин төмөндөгөнүнөн кабар берет”- деди.

"Алга, республика!" партиясы бир жыл мурун түптөлгөн. Башында ал "Алга!" деп аталса, Макрон президент болуп шайлангандан соң, ал партиянын лидерлигинен кетип, партиянын аты өзгөртүлгөн.

"Алга, республика!" партиясы шайлоого ар кандай чөйрөдөгү талапкерлерди алып чыккан. Алардын арасында студенттер, пенсия курагындагылар бар. Алардын айрымдары саясатта жаңы адамдар. Макрондун жардамчылары, талапкерлерди электрондук почтага жиберилген резюменин негизинде тандап алышкан.

Пикир

Оставить комментарий