• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Футбол: Антуан Гризманн жайында 120 млн еврого "Барселонага" өтөт

Спорт 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. "Атлетико Мадрид" клубунун чабуулчусу Антуан Гризманн быйыл жайында 120 млн еврого "Барселонага" өтөт. Бул тууралуу испаниялык басылмалар кабарлады.

"Атлетико" футболчуну 2014-жылы "Реал Сосьедад" клубунан 30 млн еврого алган.

"Абдан мыкты беш болду, баары үчүн рахмат, силер ар дайым менин жүрөгүмдөсүңөр", - деди Гризманн күйөрмандарына кайрылып.

28 жаштагы франциялык футболчу "Атлетико Мадриддин" катарында 256 жолу оюн талаасына чыгып, 133 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий