• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо оюндары келерки жылга калтырылды

Спорт 0

Бишкек, 14.06.20. /Кабар. Футбол боюнча дүйнө биринчилигинин жана Азия кубогунун тандоо оюндары келерки жылы болуп өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмеси билдирди.

Кыргызстандын футбол бирикмеси билдиргендей, коронавируска байланыштуу ФИФА менен Азия футбол конфедерациясы дүйнө биринчилигинин жана Азия
кубогунун тандоо оюндарын 2021-жылы өткөрүү чечимин кабыл алган. Буга чейин тандоо оюндарын октябрь-ноябрь айларында өткөрүү пландалган.

Келерки жылы боло турган тандоо оюндарынын өтө турган күндөрү жакында белгиленет.

Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Кыргызстан F тайпасына жайгашкан. Ал тайпада Кыргызстан менен бирге Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын курамалары бар.

Кыргызстандын футболчулары буга чейинки оюндарда эки ирет жеңилип (Тажикстанга − 0:1 жана Японияга − 0:2) бир жолу тең чыккан (Тажикстан менен 1:1) жана эки ирет жеңишке жеткен (Мьянма − 7:0 жана Монголия − 2:1).

Пикир

Оставить комментарий