• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Футзал боюнча БА чемпионаты: Бүгүн Кыргызстандын кыздар курамасы Иран менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-январда Ташкентте кыздар арасында футзал боюнча Борбор Азия чемпионаты старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Чемпионат 31-январга чейин өтүп, ага Кыргызстан, Иран, Тажикстан жана Өзбекстандын курамалары катышууда. Кыргызстандын курамасы бүгүн Ирандын командасы менен “Юнусабад” спорт комплексине беттеш өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий