• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Футзал: Кыргызстан Литванын курамасын эки беттеште 9:3 эсеби менен жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 04.02.19 /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Литва менен эки жолдоштук беттеш өткөрүп, жалпысынан 9:3 эсеби менен жеңип алды. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Биринчи оюн 2-февралда өтүп, кыргыз футболчулары 6:2 менен жеңишке жетишкен.

Экинчи оюн 3-февралда болду, анда Кыргызстандын курамасы 3:1 эсебинде жеңишке жетти.

Эки оюн тең Литванын Пренай шаарында өттү. Кыргызстан 2020-жылкы Азия чемпионатына тандап алуу оюндарына даярдык көрүүдө.

Футзал боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов эки оюн Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу болгонун баса белгиледи.

"Биз өзүбүздүн оюнубуздагы кемчиликтерди көрдүк, өзгөчө позициялык чабуул жасоодо. Биз үчүн пайдалуу болду, себеби атаандашыбыз оюн учурунда ар кандай ыкмаларды колдонуп жатты. Эми бизге кайсы багытта көбүрөөк иш алып барышыбыз керек экенин түшүнүктүү болуп турат", - деди Амиржан Муканов.

Пикир

Оставить комментарий