• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Гепарин” дарысы Ысык-Көл облусунун дарыканаларына түштү. Дары дарыгердин көрсөтмөсү менен гана сатылат

Аймак 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы “Неман” дарыканасынын түйүндөрүнө “Гепарин” дарысы түштү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дары дарыгердин көрсөтмөсү менен жана бир адамга бир даанадан сатылат.

“Фармацефттер өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Осмоналиев менен жолугушууда облуска 4 миң 250 ампула "Гепарин" дарысы келгенин билдиришти”, - деп айтылат маалыматта.

Дарыканалардын дареги:

Каракол шаарындагы Абдрахманов көчөсү 123 д/п №19;

Каракол шаарындагы Токтогул көчөсү 45 д/п №831;

Каракол шаарындагы Абдрахманов көчөсү 142 д/п №79;

Балыкчы шаары д/п №29, Бөкөмбаев айылы д/п №40, Түп айылы д/п №45;

Кызыл-Суу айылы,д/п №75;

Теплоключенко айылы д/п №58 Талды-Суу айылы д/п №33.

Пикир

Оставить комментарий