• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖКККББ: Таласта айдоочуларга жана жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө жана жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Талас облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Бишкек-Талас каттамына каттаган такси айдоочулары менен жолугуп, жол коопсуздугу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жолугушуу учурунда Талас облусунун аймагындагы жолдордун абалы, катталып жаткан жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери жана алардын алдын алуу чаралары тууралуу сөз болду.

Ошондой эле жергеликтүү тургундарга жана мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин камтыган профилактикалык чаралары багытында тийштүү нускамалар жеткирилип, айрыкча оор жана коопту жүктөрдү ташыган унааларды айдаган айдоочуларга жол эрежелерин сактоо багытында тийиштүү талап тартиптер жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий