• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үй-бүлөдө канчанчы болуп төрөлгөнүңүз мүнөзүңүздүн калыптануусуна кандай таасирин тийгизет?

Дүр дүйнө 0

Бүгүнкү күндө биздин үй-бүлөдөгү ордубуз- эң чоңу, ортончу, эң кичүү же жалгыз бала болобу - мүнөзүбүзгө жана жеке сапаттарыбызга чоң таасир тийгизет деген сөздөр байма-бай айтылып келет. Бул кандай таасир болду экен?

Чоң балдар

Үйдүн эң улуу балдары өзүнөн кийинки инилерине жана сиңдилерине кам көрүшү керек. Ошондуктан алар чоң кишилердей акылдуу жана жоопкерчиликтүү болушат. Алар ар дайым амбициялуу жана алардан мыкты лидерлер чыгат. Улуу балдардын кемчиликтери алар көбүнчө бир нерседен кооптонуп, тынчсызданган абалда жүрүшөт. Себеби, үйдө экинчи бала жарык дүйнөгө келгенде, үйдүн улуусу ата-энеси ага көп көңүл бурбай калды деп ойлошот. Башкача айтканда, өздөрүн четке түртүлүп калгандай сезишет.

Ортончу балдар

Үйдүн ортончу балдары улууларга караганда жайдары жана жайбаракат болушат. Себеби, экинчи бала төрөлгөндө ата-энелердин өздөрү да жайдары болуп калышат. Алар негизинен коммуникабелдүү мүнөзгө ээ болушуп, бардык адамдар менен жакшы тил табыша алышат. Ага-эжелеринин жана ини-карындаштарынын ортосунда өскөн үчүн башкаларга жардам берүүгө дилгир болушат. Ошол себептен алар аргументтерди мыкты келтиришип, башкалардын алсыз жагын, тагыраагы адамдардын маселелерин оңой билип алышат. Башка жагынан алганда, ортончу балдар эрки бош жана жашоого болгон багыты жетишсиз болуп калышы мүмкүн.

Кенже балдар

Үйдүн эркетайлары, башкача айтканда, эң кенже балдар өзүнө тартып турган, ачык-айрым жана сүйкүмдүү мүнөздөгү адамдар. Мындай жол менен алар бир туугандарынын жана ата-энесинин көңүл чордонунда болууну каалашат. Кенжелер көп учурда козголоңчу болушат, себеби алар үчүн эрежелерге баш ийбей коюу оңой - алар төрөлгөн учурда ата-энелери дисциплинага көп көңүл бурбай калышкан. Ошол эле учурда алар өздөрүн жетиле электей жана жыйнаксыз алып жүрүшөт. Аларды үй-бүлөсү кичинекей баладай көрүшкөнү үчүн, көбүнчө башка адамдарга көз каранды болуп калышат.

Жалгыз балдар

Үйдүн жалгыз балдары ар дайым улуу курактагы кишилер менен көп баарлашканы үчүн мектепте да жакшы окушат. Адатта жалгыз балдар ата-энесинен жетиштүү деңгээлде сүйүүнү, мээримди, көңүл бурууну алышканы үчүн өздөрүнө ишенимдүү болуп чоңоюшат. Көп убактыларын өздөрүнчө өткөргөнү үчүн, эч кимге көз карандысыз болушат. Чоңдор менен көп жүрүшкөнү үчүн жыйнактуу, тартиптүү балдар болушат. Ошондой эле жалгыз балдар эрке болушат, себеби ата-энеси анын бардык каалоолорун орундатат. Алар өтө өзүмчүл жана сабырсыз да болушу мүмкүн. Айрыкча бир нерсе туура эмес болуп калса, сиркелери суу көтөрбөй калат.

Даярдаган Самира Шарипова

Пикир

Оставить комментарий