• 88.68
  • 95
  • 0.95

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча вебинар өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Бишкекте "Социалдык өнүктүрүү органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык жардам көрсөтүү" темасында вебинар өтүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Вебинарды 23-24-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана "Демократиялык процесстерди изилдөө борбору" коомдук фонду БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду менен өнөктөштүктө өткөрүүдө. Иш-чара Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосунда өтүүдө.

Иш-чаранын максаты үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү нускаманы өздөштүрүү, зомбулуктан жабыр тарткан аял жана кыздар үчүн базалык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү эл аралык стандарттарга ылайык жакшыртуу болуп эсептелет.

Вебинарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана координациялоо боюнча бөлүмдүн адистери, кризистик борбордун психологдору өткөрүшүүдө. Ага 130 чукул адам катышып, алардын ичинде үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча органдын жана социалдык өнүктүрүүнүн шаардык, райондук жана райондор аралык башкармалыктарынын жетекчилери жана адистери бар.

Вебинардын жыйынтыгы боюнча бардык катышуучуларга сертификат берилет.

Пикир

Оставить комментарий