• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто Нооруз майрамына карата ат оюндары өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданында 16-21-март күндөрү Нооруз майрамына карата ат оюндары өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Улуттук оюндарга Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунан жана Ош шаарынан командалар катышты.

Көк бөрү боюнча мелдешке 18 команда катышты.

Көк бөрү боюнча жыйынтыктар:

1-орун – Өзгөн шаарынын командасы, байгеси – 50 миң сом;
2-орун – Өзгөн районунун командасы, байгеси – 30 миң сом;
3-орун – Карасуу районунун командасы, байгеси – 20 миң сом;

Эр эңиш боюнча жыйынтыктар:

60 кг

1-орун – Ислам Үсөнбаев, Ош облусу, байгеси – 5 миң сом;
2-орун – Бектур Молдоызак уулу, Жалал-Абад облусу, байгеси – 3 миң сом;
3-орун – Кутманбек Кадырбеков, Жалал-Абад облусу, байгеси – 2 миң сом;

70 кг

1-орун – Арген Рысбек уулу, Ош облусу, байгеси – 5 миң сом;
2-орун – Нуралы Шафкатбек уулу, Ош облусу, байгеси – 3 миң сом;
3-орун – Эрбол Таалайбеков, Ош шаары, байгеси – 2 миң сом;

80 кг

1-орун – Жаныш Абдразак уулу, Ош облусу, байгеси – 5 миң сом;
2-орун – Асылбек Эгемкулов, Ош облусу, байгеси – 3 миң сом;
3-орун – Кайрат Кубаныч уулу, Ош шаары, байгеси – 2 миң сом;

90 кг

1-орун – Амантур Маматмуса уулу, Ош шаары, байгеси – 5 миң сом;
2-орун – Актилек Омаралиев, Жалал-Абад облусу, байгеси – 3 миң сом;
3-орун – Уранбек Бекмаматов, Ош облусу, байгеси – 2 миң сом;

90 кг жогору

1-орун – Турдукул Абдрахманов, Ош облусу, байгеси – 5 миң сом;
2-орун – Куштарбек Ахметов, Жалал-Абад облусу, байгеси – 3 миң сом;
3-орун – Орозбек Эшапов, Баткен облусу, байгеси – 2 миң сом;

Белгилей кетсек, ат оюндары Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий