• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үйүнөн таарынып чыгып кеткен. Жалал-Абадда изделип жаткан кыз табылды

Аймак 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Жалал-Абадда изделип жаткан 17 жаштагы Рахмидин кызы Мадина табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 28-февралында Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы тарабынан Сузак районунун 17 жаштагы тургуну Р.М. дайынсыз жоголгондугу боюнча маалымат таратылган. ЖМК аркылуу чагылдырылган маалыматтан соң дайынсыз болуп жаткан кызды көргөндөр милицияга кабар беришип, 29-февралда кыз ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Буга байланыштуу Жалал-Абад облустук милициясы бардык ЖМК өкүлдөрүнө ыкчам маалыматты жарыялап, маалыматтык колдоо көрсөткөндүгү үчүн жана бул окуяга кайдыгер карабаган атуулдарга ыраазычылык билдирет.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну 2003-жылы төрөлгөн Рахмидин кызы Мадина издөөгө алынган. Ал үстүбүздөгү жылдын 23-февралында болжол менен саат 11:30да үйүнөн таарынып чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий