• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Япониядагы катуу куюндун кесепетинен 11 миң үй бүлө жарыгы жок калды

Дүйнө 0

Бишкек, 5-август /Кабар/. Япониядагы Кагосиманын түштүгүндө катуу куюн болуп, андан 11 миң үй бүлө электр жарыгы жок калды деп билдирди бул аймакты электр энергиясы менен камсыз кылган “Kyushu Electric Power” компаниясы.

Тайфун деп аталган катуу куюн, шамалды жана жамгырды алып келген. Синоптиктердин билдиришинче, мындай нөшөр 50 жылда бир жаайт. Айрым райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрди түзгөн.

Тайфун жай ылдамдыкта түндүк- чыгышты көздөй кеткен.

Жекшемби күнү куюн Кюсю аралына жетээри күтүлүүдө. Эгер ал багытын өзгөртпөсө дүйшөмбү, бейшембиде Хонсю негизги япон аралына жетип, Токиого дагы барат.

Пикир

Оставить комментарий