• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Япониядагы суу ташкыны: Каза болгондордун саны 225 адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Япониянын борбордук жана түштүк-батыш жагындагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 225 адамга жетти, 14 жаран дайынсыз жок болууда, - деп полицияга шилтеме берүү менен Киодо агенттиги билдирет.

Мурдагыдай эле эвакуация жайларында 4,5 миң адам бар. Жаратылыш кырсыгынан келтирилген чыгым азырынча 76,7 миллиард иен (дээрлик 697 миллион доллар) деп бааланууда.

Июль айынын алгачкы күндөрү Япониянын борбордук жана түштүк-батыш бөлүгүндө нөшөрлөгөн жаан жаап, натыйжада суу ташкыны болгон. Айрым жерлердеги дарыялардын жээгинен ашкан суулар көптөгөн аймакты каптап калган.

Пикир

Оставить комментарий