• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы 59 жылдыгын белгилөөдө

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Жыл сайын 6-апрелде Ички иштер министрлигинин тутумунда тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет, - деп маалымдайт ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, быйыл дагы бул кесиптик майрам белгиленип, ИИМдин Борбордук аппаратында Тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 59 жылдыгына карата салтанаттуу жыйын өттү.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев тергөөчүлөрдү кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле Тергөө кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери Ички иштер министрлигинин ведомстволук медалдары жана ардактуу тергөөчү төш белгиси менен сыйланышты.

Мындан сырткары, мурунку КР ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгын тергөө кызматынын начальниги Талант Өмүралиевди баалуу сыйлыктар менен сыйлап, ардактуу эс алууга узатышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында ИИМдин Тергөө кызматынын начальниги А. Исмаилов кол алдындагы кызматкерлерин тергөө кызматынын кесиптик майрамы менен куттуктап, мындан ары дагы тергөө кызматы көптөгөн ийгиликтерге жетише берээрин жана мыйзам чегинде иш жүргүзүп эл үчүн кызмат кылышарына токтолду.

Пикир

Оставить комментарий