• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин ротациялоону улантууда

Коом 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. ИИМ милициянын райондук-шаардык кызматтарын чыңдоо максатында ички иштер органдарынын жетекчилик курамдарын ротациялоо иштерин дагы улантууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин буйруктарына ылайык, өткөн жумада ички иштер министрлигинин буйругу менен райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн төмөнкү жетекчилери башка аймактарга ротацияланды.

- милициянын полковниги Айбек Акматов Талас облусунун Манас РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Ак-Талаа РИИБдин начальниги кызматына;

- милициянын полковниги Майрамбек Калмамбетов Талас облусунун Кара-Буура РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Талас РИИБдин начальниги кызматына;

- милициянын полковниги Нурбек Калыкеев Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБдин начальниги кызматына;

- милициянын полковниги Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Талас ОИИБдин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына;

- милициянын полковниги Мелис Мырсалиев ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын экинчи башкармалыгынын оор, өтө оор жана резонанстык кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБдин начальниги кызматына;

- милициянын полковниги Мирлан Осмоналиев Нарын облусунун Ак-Талаа РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын криминалдык эсепке алуу башкармалыгынын криминалдык жана ыкчам эсепке алуу бөлүмүнүн начальниги кызматына;

- милициянын полковниги Эрнис Саттаров Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Ала-Бука РИИБдин начальниги кызматына;

- милициянын подполковниги Данияр Жумагулов ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын экинчи башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарга, адамдарды, жашы жете электерди сатууга жана кумар оюндар кылмыштарына каршы күрөшүүнү уюштуруу бөлүмүнүн улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Талас РИИБдин начальнигинин орун басары, ал эле кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн начальниги кызматына;

- милициянын подполковниги Жанышбек Токторбаев Талас облусунун Талас ШИИБдин начальнигинин орун басары, ал эле кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн начальниги кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Манас РИИБдин начальниги кызматына;

- милициянын подполковниги Алмазбек Тулебеков Талас ОИИБдин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Кара-Бура РИИБдин начальниги кызматына;

- милициянын майору Чынгыз Абылгазиев Талас облусунун Талас РИИБдин начальнигинин орун басары, ал эле кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн начальниги кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Талас ШИИБдин начальнигинин орун басары, ал эле кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн начальниги кызматына кызматына;

- милициянын майору Бакыт Султангазиев Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл РИИБдин Ананьева айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Токмок ШИИБдин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалышты.

Министрлик жаңы дайындалган кызматкерлер учурдагы кырдаалга жаңыча көз караш менен карап, көйгөйлөрдү көрүп, аларды чечүү жолдорун белгилей алат деп ишенет. Кадрдык потенциал ички иштер органдарынын эң маанилүү ресурсу болуп саналат жана коомдогу негизги социалдык функцияны - укук тартибин камсыз кылууну чечүүгө көмөк көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий