• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткендик жеке ишкер тамчылатып сугаруу менен 66 гектар жерди өздөштүрдү

Коом 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Баткендик жеке ишкер тамчылатып сугаруу менен 66 гектар жерди өздөштүрдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы жеке ишкердин жаңыдан өздөштүргөн багына барды.

Жеке ишкер Билал Идинов бош жаткан 66 гектар жерди айыл өкмөттөн ижарага алып, тамчылатып суугаруу ыкмасы менен өздөштүргөн. Ал жерге суу кампасын куруп, алма, өрүк, шабдаалы, павлония, жаңгак, бадам сыяктуу мөмөнүн 11 түрүнөн жалпы 58 миң көчөт отургузган. Айылдык ишкердин демилгесин “Ассафа” коомдук фонду колдоого алып, учурда 10 адам жумуш менен камсыз болгон.

Идиновдун айтымында, бул бактан жылына 50 млн сомго чейин киреше алса болот, былтыр биринчи ирет 2 тонна түшүм алган.

"Баткен облусу агрардык аймак болгондуктан, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр кенен. Жеке ишкерлердин минтип сууну максаттуу пайдалануу ыкмасын жайылтып жатканы, бул тармактын өнүгүүсүнө зор өбөлгө болот", - деди өкүл Алимбаев.

Пикир

Оставить комментарий