• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте волейбол боюнча шаардын чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата аялдар жана эркектер арасында волейбол боюнча шаардын чемпионаты өттү. Бул тууралуу мэриянын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинен билдиришти.

Каба уулу Кожомкул спорт ортдосунда өткөн турнирге эркектер арасында беш команда жана аялдар арасында төрт команда катышты.

Эркектер арасындагы чемпионаттын жыйынтыгы боюнча орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун - ИИМ ички аскерлери;
2-орун - Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу;
3-орун - КМУнун И.Арабаев атындагы "Билим" командасы.

Аялдар командаларынын арасында:

1-орун - "Дордой";
2-орун - "Салам-Алик";
3-орун - ИИМ "Ала-Тоо".

Пикир

Оставить комментарий