• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Алдамчылар баткендиктерге жардам берүүнү шылтоолоп акча чогултууда

Коом 0

Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. Ички иштер министрлиги алдамчылар Баткенде чек ара чырынан жабыркагандарга жардам берүү шылтоосу менен социалдык тармактарда ар кандай банктык эсептерди ачып жатканын эскертет.

Министрлик акча каражаттарын которууга мүмкүн болгон атайын банк эсептери расмий билдирүүлөрдө гана көрсөтүлөрүн белгилейт.

"Биз жарандардын көңүлүн өздөрүн ыктыярчы, активист катары көрсөтүп, каражат чогултуу боюнча билдирүүлөрдү таратып жаткан алдамчылардын кылтагына илинип калбоого бурабыз. Ошол эле учурда алар ар кандай банктык реквизиттерди көрсөтүп, анын үстүнө посттордун бирине Баткен облусундагы соңку окуяда жаракат алган жоокердин сүрөтүн тиркеп коюшкан", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Баткен облусундагы чек ара чатагынын кесепетинен 62 жаран каза болуп, 198 жаран ар кандай жаракат алган, 430 ашык үй, мектептер, бала бакчалар жана башка административдик имараттар талкаланып, ал эми 136 миң 770 жаран үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Тилекке каршы ушундай учурду пайдаланып, адам баласынын кайгысынан акча табууга аракет кылган алдамчылар дагы чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий