• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бала зомбулукка кабылса кандай чара көрүү керек? ИИМ кеңеш берет

Коом 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Ички иштер министрлиги балдарга карата жасалган зомбулукка кайдыгер карабоого чакырат, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Жаш кезектеги сексуалдык зомбулук, айрыкча үй-бүлө ичинде болгон учурда ал өзгөчө татаал темага айланат. Анткени, кичинекейлер жана улуу адамдар үчүн бул теманы кимдир-бирөөгө айтып берүүсү чоң коркунуч жаратат, себеби мындай окуялар үй-бүлөнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Натыйжада жабырлануучулар жылдар бою унчукпай, кайда кайрылууну билбей келишет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бир нече кеңештерди берет.

Жашы жете электердин өмүрүнө, ден соолугуна, жыныстык кол тийбестигине жана сексуалдык эркиндигине каршы кылмыштар коомдук коркунучтуу көрүнүш жана коомго каршы жүрүм-турумдун эң коркунучтуу түрлөрүнүн бири болуп саналат, бул тезис атайын далилдерди талап кылбайт.

Балдарга карата келтирилген зордук-зомбулуктун кесепети анын моралдык, психофизикалык өнүгүүсүнө чектөө коюп, келечегине чоң коркунуч алып келет.

Жашы жете электердин сексуалдык эркиндигине каршы жасалган кылмыштардын алдын алуу жана болтурбоо иш-аракеттеринин натыйжасында көптөгөн жагдайлар татаалдаштырылат, алардын ичинде:
- Жаш өспүрүмдөрдүн организиминин өзгөчөлүгү - алардын психологиясы менен физиологиясы. Балдар көп учурда аларга карата зордук-зомбулук жасалганын түшүнө беришпейт, же болбосо ата-энесинен жана жакын адамдарынан коркушуп, ар кандай жолдор менен жашырып келишет.

- Жаш өспүрүмдөр кылмышкерлерден түздөн-түз көз карандылыгы. Бул учурда кылмыштын субъектилери бөгөт коючу фактор катары чыгышы мүмкүн - кылмыш жөнүндө эч ким билбеши үчүн бардык иш-аракеттерди жасайт.

Балдарга жана өспүрүмдөргө карата жасалган сексуалдык зомбулуктун белгилери:

- физикалык белгилер - жаракаттар, тытыктар, сыйрылуу, көгөрүү (жыныс чөйрөсүндө локализация);

- жүрүм-турумдун өзгөрүшү - агрессия, түнт болуу ж.б.

- баланын эмоционалдык абалындагы жана маектешүүдөгү өзгөрүүлөрү;
- баланын мүнөзүнүн жана шыктануусунун өзгөрүшү;
- социалдык белгилер - баланын өзүн-өзү билүүсүндөгү өзгөрүүлөр ж.б.

Албетте, балаңыздан ушул белгилердин бирин байкаган учурда сиз зордук-зомбулукка кабылды деп тез арада тыянак чыгарбооңуз керек, эгерде баланын комплекстери болсо, анда сиз балага өзгөчө көңүл буруп, анын жашоосунда болуп жаткан окуялар жөнүндө этияттап сурашыңыз абзел.

Эгерде сиздин коркунучуңуз тастыкталса, анда сиз кылмыш жасалгандыгы жөнүндө тез арада "102" кыска номерине чалып, милицияга кабарлашыңыз керек, андан кийин балага психологиялык, медициналык жана башка жардамдар көрсөтүлөт.

Эгерде жардам өз убагында көрсөтүлбөгөн болсо, бала көйгөйлөрү менен жалгыз калат. Балдардын психологиялык травмасы анын кийинки жашоосуна, мүнөзүнүн калыптанышына, келечектеги жыныстык жашоосуна, акыл-эс жана ден-соолугуна, жалпы коомго адаптацияланышына күчтүү таасир этет.

- Балаңызды коргоңуз - чоочун балдар жок!

- Балдарды коопсуздук эрежелерине үйрөтүңүз!

- Балаңыз менен сүйлөшүңүз. Жеке жашоосу менен кызыгып, аны курчаган чөйрөсү менен таанышыңыз!

- “Сени жакшы көрөм!”, “Мен сени менен сыймыктанам!”-деп айтып туруңуз.

- Сиз ар дайым анын тарабында экенин балаңыз жакшы билиши керек!

Эгер сиз балаңыздын коргоочусу болбосоңуз, анда сиз кимсиз?

Пикир

Оставить комментарий