• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ башчысы оор жана резонанстуу кылмыш иштеринин ачылышы тууралуу айтып берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев оор жана резонанстуу кылмыш иштеринин ачылышы тууралуу айтып берди.

Бишкекте өтүп жаткан брифингде ал билдиргендей, республика боюнча мурда жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыш иштеринин бети ачылган.

Атап айтканда, 2014-жылдын апрель айында акча алмаштыруучу жайдын кызматкери Темирбердиевди өлтүргөн кылмыштуу топ кармалган. Андан тышкары алардын ушундай эле башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Осьминог” кафесин өрттөп кеткен жана ошол эле облуста 2015-жылы «Дельфин делюкс» пансионатынын директорунун «Мерседес Гелендваген» үлгүсүндөгү унааны өрттөп кеткен кылмыштуу топ кармалган.

“Эскерте кетсем, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мурунку жетекчиси Болсунбек Казаковго жана анын орун басары Б.Мураталиевге Кылмыш Кодексинин 303 (коррупция) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши “Идеал Хаус” шаарчасын мыйзамсыз сатып жибергендигине байланыштуу козголгон. Азыркы учурда ушул иш боюнча чогултулган баардык материалдар сотко берилген”, - деп билдирди министр.

Ошондой эле Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын бажы кызматынын акча талап кылгандыгы үчүн мамлекеттик Бажы кызматынын, Чек ара кызматынын жана Айыл-чарба, өнөр-жай жана мелиорация министрлигинин өсүмдүктөр карантини боюнча Департаменттин жетекчилери кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Андан тышкары, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленинское айылындагы “Сталбек” акча алмаштыруу пуктун тоноо жана А.Юсуфов аттуу таксисти өлтүрүү боюнча шектүү кылмыштуу топ кармалып, иликтөө иш-чаралары жүрүүдө. Кармалгандардын мындан тышкары дагы 21 кылмыш ишине тиешелүү экендиги аныкталды.

К.Аскаровдун 5 кишиден турган кылмыш тобу Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча тиешеси бар 24 талап-тоноо фактылары катталган.

“Бети ачыла элек резонанстуу кылмыш иштери боюнча критикалык сын пикирлер айтылып, ошол аталган иштердин бетин ачуу боюнча кошумча иш жүргүзүү тапшырылган. Мындай жагдай көзөмөлдүн жоктугунан келип чыккан. Биз баардык бети ачыла элек кылмыш иштерин көзөмөлгө алып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдөбүз”, - деп билдирди Жунушалиев.

Пикир

Оставить комментарий