• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маматназар Жакыпбаевдин өлүмү боюнча кармалгандар СИЗОго жөнөтүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басарынын өлүмүнүн иши боюнча кармалгандар Ж. уулу М. жана Ш. уулу М. СИЗО-1ге жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жакынкы эки айда тергөө учурунда алар камакта болушат.

Эске салсак, Маматназар Жакыпбаев мушташтын жыйынтыгында каза болгон.

Анын уулу Азирет Жакыпбаев фейсбуктагы баракчасына жол кырсыгынан кийин эки адам анын атасын унаадан алып чыгышып, сабай баштаганын, мас абалда болушканын жазып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий