• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Бишкекте жеке ишкерге кол салып, акчасын карактап кеткен жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарында жеке ишкерге кол салып, акча каражатын карактап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 30-январь күнү болжол менен саат 21:00дө белгисиз эки адам Бишкек шаарынын Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен Д.Ш. аттуу жеке ишкерге кол салышкан. Алар белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутуп, ишкерди эски аэропортко алып барышкан. Жабырлануучуну тапанча менен коркутушуп, 500 долларын жана 12 миң сом акчасын алып кетишкен.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ушул жылдын февраль айында прокуратура мындан ары иликтөөнү ИИМдин тергөө кызматына өткөрүп берген. Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 202-беренесинин 1,2,3, бөлүмдөрү менен (курал-жарак колдонулуп, бир нече кишинин катышуусундагы каракчылык) иликтене баштаган.

Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери шектүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүгө киришкен. Натыйжада шектүү катары Талас облусунун А.Д. аттуу 25 жаштагы жашоочусу Бишкекте кармалган. Ал мурда соттолгон.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турат.

Учурда кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, Жазык-процесстик кодексине 98-беренесинин негизинде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий