• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Интернет аркылуу баңгизат сатууну жөндөп алган дүкөндүн уюштуруучусу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Интернет аркылуу ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууну жөндөп алган интернет дүкөндүн уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБнын тергөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат каражаттарын сатуу менен алектенген интернет-дүкөндүн уюштуруучусун кармашты.

КР Жазык кодексинин 267-беренеси боюнча (эски редакцияда) катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “көзөмөлдөп сатып алуу” жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө Аламүдүн районундагы Пригородный айылынын аймагынан кара изолентага оролгон баңгизат каражаты алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат каннабис чайыры (гашиш) болгон.

Андан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда интернет-дүкөндүн уюштуруучусу Б.И. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Анын жашаган дареги боюнча кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү учурунда айдалган кара куурайдын уругу, интернет дүкөндү башкаруу үчүн пайдаланылган уюлдук телефон, ошондой эле акча каражаттарын чыгаруу үчүн банктык карталар табылган.

Уюлдук телефонго талдоо жүргүзүү учурунда “Telegram” социалдык тармагында баңгизат каражаттар жана психотроптук заттар сатылуучу «Сакура шоп» деп аталган профиль, ошондой эле жашыруун жайлардын жайгашкан орундары менен сүрөттөр табылган. Ал жактарга кароо жүргүзүү учурунда баңгизаттар бар даярдалган 10 жашыруун жер табылган.

Азыркы учурда аталган факты боюнча соттук-химиялык экспертиза, башка интернет-дүкөндөрдү аныктоо предметине электрондук алып жүрүүчүлөргө талдоо жана текшерүү дайындалып, аталган кылмышка тиешеси бар жарандардын өздүгүн аныктоо боюнча бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармалган Б.И. аттуу жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган.

Белгилей кетсек, интернет-дүкөн өзүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн популярдуу кылуу максатында, Интернет тармактарында мыйзамсыз жарнамалоо менен алектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий